Апам экөөбүздү көчөгө калтырып кеткен атамды жоопко тарта аламбы?
2020.10.13, 12:03
1270
Саламатсызбы! Суроо берейин дегем укук боюнча. Жашым 18де, атам кичине кезимде апам экөөбүздү таштап кеткен. Анын үстүнө үйүбүздү сатып, бизди көчөгө калтырып койгон. Ошону азыр өндүрүп алса болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.10.2020, 12:06
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Cатылган үй кайсыл жерде жана ал кимдин атындагы үй эле, азыр кимдин атында экендигин тактоо керек болот. Ушул жагдайларды тактагандан кийин сурооңуз боюнча кеңеш айтууга болот деп эсептеймин. Ал эми үй ата-энеңиздин ортосундагы жалпы мүлк болгон болсо жана апаңыздын уруксаты жок сатып жиберсе, анда апаңыз өз укукгун коргоп сотко кайрылса болот.
0
Пайдалуу жооп