Уйку сурап оозумду ачканда кулагым кадимкидей бүтөлүп калат. Эмне кылыш керек?
Саламатсызбы. Уйку сурап оозумду ачканда, жана бир нерсени жеп жутканда, кулагым кадимкидей бүтөлүп калат. Анан мурдумду жаап туруп тартканда кайра ачылып кетет. Төрт жылдан бери ушул көрүнүш, эмне кылыш керек?
Владимир Пак
Лор
Саламатсызбы. Негизи оозду ачып эстегенде кулактын бүтөлүп калышы нормалдуу көрүнүш, анткени ооз көңдөйү, мурун, кулак бардыгын бириктирип турган каналдар бар. Бирок бул адамга эч кандай ыңгайсыздык жаратпайт.
Эгер сизде мындай симптомдор төрт жылдан бери байкалаып жатса, демек мурдуңуз жакшы дем албайт, же андан башка көйгөй бар. Так билүү үчүн лорго кайрылып, текшерүүдөн өтүңүз.
Ден соолукта болуңуз.
Владимир Пак менен инстаграмдагы @Vladimir_md баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.