Намаз окуп, хиджаб кийген кыз макияж жасап иштесе болобу?
2020.10.08, 11:55
3380
Саламатсызбы! Устаздардан кеңеш алайын дедим эле. Өзүм намаз окуп хиджаб кием. Мен чач кыркуу, макияж жасоого абдан шыктуумун. Эгер мен бул жаатта иштесем шарият жолу кандай карайт. Салондо иштесем күнөө болбойбу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.10.2020, 13:01
Кадыр Маликов
Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары, теолог
Бул жерде эч кандай күнөө жок. Аялдарды боеп иштесеңиз болот. Мунун жаман эч нерсеси жок. Бир гана жери, сиз эркектерди эмес, аялдарды тейлешиңиз керек. Жалпысынан айтсам, салон ачып, визажист болсоңуз, күнөөкөр болбойсуз.
0
Пайдалуу жооп