// //

Күйөөм экөөбүз ЗАГС албай, нике кыйып жашаганбыз. Эми алимент өндүрө аламбы?

2020.10.05, 15:51
1051

Саламатсызбы! Күйөөм экөөбүз ЗАГС алган эмеспиз, нике кыйып эле жашап жатканбыз. Эки балабыз бар. Жакын арада эки жарым жолго түштүк. Балдарыма алимент сурай аламбы? ЗАГС жок арызымды кабыл алышабы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.10.2020, 16:04

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Саламатсызбы!  Ажырашкан жубайлардын ортосунда ЗАГС жок болсо да, алимент өндүрсө болот. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн атасы деген графасында күйөөңүздүн аты-жөнү жазылса, өзүңүз жашаган аймактагы сотко, алимент өндүрүү боюнча арыз менен кайрылыңыз. Графада күйөөңүздүн аты-жөнү көрсөтүлбөгөн учурда дагы, сотко доо арыз жаза бериңиз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт