Курбум күйөөсүнөн кызына кантип "доверенность" жаздырып алса болот?
2020.10.05, 11:24
2387
Саламатсызбы! Менин курбум турмушунан ажыраган, бир кызы бар. ЗАГС жок эле кызын Россиядан күйөөсүнүн фамилиясына жаздырган. Азыр күйөөсү башкага үйлөнүп кеткен, бир сом дагы жардам бербейт. Кызына "доверенность" менен "отказной" дагы жазып бербей койду. Курбум ушуга кандай чара көрсө болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.10.2020, 11:31
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Досуңуз сотко доо арыз менен кайрылып алтимент өндүрүп алса болот. Ал эми “доверенность” эмне үчүн керек болуп жатат? Сыртка чыгуу же паспорт алуу үчүнбү? Эгер күйөөсүнөн эч эле алуу мүмкүн эмес болсо, анда бул учурда дагы сотко кайрылып алып алсын.
0
Пайдалуу жооп