Балдарына бир сом бербеген күйөөмдөн кантип алимент өндүрөм?
Саламатсызбы! Менин эки уулум бар. Күйөөм үч жылдан бери Россияда, акча жагынан бир да жардамы жок. Балдары менен иши жок. Ажырашсамбы деп жатам. Кантип алимент өндүрүп талсам болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Биринчиден, өзүңүз жашаган аймактагы сотко алимент өндүрүү боюнча арыз менен кайрыласыз. Сот алимент өндүрүлсүн деген чечим чыгарып берет. Жолдошуңуздун Россиядагы дарегин тактоо зарыл. Андан кийин сизге чечим чыгарып берген соттун кеңсесине барып, алимент өндүрүлүсүн деген соттун буйругун Россиядагы күйөөңүз жашап жаткан адреске жөнөтүүсүн айтасыз. Алар сиздин өтүнүчтү аткарат. Ал жакта дагы соттук териштирүү болот. Соттук териштирүүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда чыккан чечимди таанып, алимент өндүрүлсүн деп айтат. Анан сот аткаруучулар алимент өндүрүп берет.