Участок сатып алсам, мурдагы ээсинин светке карызы бар экен. Кандай кылсам экен?
2020.09.30, 12:07
1113
Саламатсызбы! Участок сатып алгам. Ал жерге үй салыш үчүн электр энергиясын киргизейин дегем. Бирок, мурдагы ээсинин "светке" 86 000 сом карызы бар экен. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.09.2020, 12:08
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Алгач жерин сатып алган адам менен сүйлөшүп, ага карызын төлө деп айтып көрүңүз. Эгер өз ара келишүүгө мүмкүн болбосо, анда анын үстүнөн өзүңүз эле сотко кайрылыңыз. Доо арызда карызы бар экенин, анын айынан сизге жарык коюп бербей жатканын, тез арада төлөп берүүсүн көрсөтүңүз.
0
Пайдалуу жооп