Сүйүнчү пулга арыз бергем, бирок банктан смс код келе элек. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Бир жума мурун, тактап айтканда 18-сентябрда балага күбөлүк алып жана сүйүнчү пулга арыз жазып “Айыл Банктан” алмай болгом, кагазы да бар. Бирок, банктан телефон номериме код келе элек. Кимге кайрылып, эмне кылсам болот?
"Айыл Банк" АККнын маалымат кызматы
Саламатсызбы! “Айыл Банкка” “Балага сүйүнчү” жөлөкпулунун акчасы акча келип түшкөндө, биз кардарга дароо кабар беребиз. Демек, банкка акча которулганга чейин смс билдирүү таркатылбайт. Эгер, эч эле болбосо, банк менен байланышка чыгыңыз же жакынкы кеңсесине барыңыз. Балким, телефон номериңизди туура эмес көрсөтүп алдыңыз же ЗАГСта каттап жатканда ката кетип калышы мүмкүн. Анткени, “Балага сүйүнчү” жөлөкпулун алуу үчүн эсеп ачылбайт, толтурулган арыздын негизинде гана берилет. Кошумча суроолор боюнча www.ab.kg сайтына же "Айыл Банк" ААКнын маалымат кызматына +996 (556) 68 00 00 кайрылыңыз.