Шариятта пайызы менен кредит алуу кандай каралат?
2020.09.26, 14:02
2001
Саламатсызбы! Менин суроом кредит тууралуу. Шариятта пайызы менен кредит алуу кандай каралат? Сүткорлук болгону менен эл макул болуп, келишимдин негизинде алып жатышпайбы дегеним.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.09.2020, 14:03
Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Ислам принциптерине ылайык насыя алууга болбойт. Анткени, ал жерде үстөк пайызы бар, ал эми динибизде процентке акча алууга жана берүүгө тыюу салынган. Бирок, башка альтернативалык жолдорду карап көрүш керек. Мисалы, ислам принциптери менен каржылаган банктардан алса болот. Себеби ал жерде процентсиз башкача ыкма менен эсептелет.
0
Пайдалуу жооп