Кошулгандан кийин аялым оорутат деп айтат. Бул эмнеден?
Саламатсызбы. Жакында эле үйлөндүм. Аялым кошулгандан кийин жыныс кыным ооруп атат деп айтат. Бул эмнеден?
Жылдыз Асаева
Психолог-сексолог
Саламатчылык. Аялыңыз да жакындыкты каалайбы? Сиз анын пикирин эске аласызбы?
Секс жагымдуу болуп андан ырахат алуу үчүн аялды психологиялык, моралдык, физикалык жактан даярдоо маанилүү. Башкача айтканда аялдын организми тиешелүү гормондорду бөлүп чыгарып, атайын суюктук агат, бул интимдик зонадагы булчуңдарды бошотуп, “обезбаливающий” эффект берет.
Андан тышкары келинчегиңиз сөзсүз гинекологго кайрылсын. Айрым гинекологиялык оорулар жыныстык катнаштагы оорутууга алып келет.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Психолог Жылдыз Асаева менен инстаграмдагы @psyholog.osh баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.