// //

Мугалим өзүнүн китебин студенттерге сатып жатканы мыйзамдуубу?

2020.09.22, 11:29
1152

Саламатсызбы! Университетте мугалим өзүнүн китебин студенттерге сатканы мыйзамдуубу? Себеби "Манастаануу" сабагынан берген эже китебин 800 сомдон студенттерге сатып жатат. Сабагы ошол китептен гана болорун айтыптыр. Эгер ал китепти албаса модулдардан жыгып салам деген экен. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.09.2020, 11:36

Марина Гречаная

КРнын Билим берүү министрлигинин PR-консультанты

Кутмандуу күнүңүз менен! Мугалим окуучуларды китептерин сатып алууга мажбурлоого укугу жок. Андан тышкары, эгерде ал мугалим сатып жаткан окуу китеби министрлик тарабынан “Манастануу” предмети боюнча окутууга бекитилген болсо, анда университеттин китепканасында болушу керек болчу. Студенттер ошол жерден алып окушат. Бул боюнча университеттин жетекчилигине билдиргиле же болбосо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрилигин +996 (312) 62-05-19 ишеним телефонуна байланышка чыккыла.     

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт