Ажыраша турган болсом, жолдошумдун батирин бөлүшө аламбы?
2020.09.21, 15:47
1208
Саламатсызбы! Биз баш кошконго чейин жолдошумдун эки бөлмөлүү батири бар болчу. Азыр расмий түрдө ажыраша турган болсом, ал үйдүн кандайдыр бир пайызын алаламбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.09.2020, 15:49
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окруман! Жок, алалбайсыз. Анткени, баш кошконго чейинки жубайлардын мүлкү, өздөрүнүн жеке мүлкү болуп эсептелет. Эгер чогуу жашап жаткан убакта, ошол мүлккө чогуу өзгөртүүлөрдү киргизсеңер, айталы ошол эле батирге чогуу ремонт жасадыңар дейли. Ошондо өзгөртүлгөн бөлүгүнө талап койсоңуз болот. Мисалы, жубайлардын бирөөсүнүн баш кошконго чейин жери бар болчу, кийин ал жерге жубайлар чогуу үй салды. Алар ажыраша турган болсо, жерди эмес, үйдү бөлүшөт.
0
Пайдалуу жооп