Балдарын таштап Москвага кеткен апасына балдарды бербей койсок болобу?
Саламатсызбы! Балдардын апасы Москвада. Балдарын бир жаштан бери кайын атасы менен кайын энеси багат, азар алар жетиге чыкты. Эми апасы келип алып талашып жатат. Балдарды бербей койсок болобу?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Бул жерде баланы берүү же бербөөдө кайын атасы менен кайын энеси эмес, балдардын атасы кызыкдар болушу керек. Мисалы, “бир жашынан баштап биз бактык” деген мааниде. Бири-бирине өчөшүп эле балдарды бербей койгон дагы туура эмес. Анткени, баланы ошол аял төрөгөн, кандай болгон күндө дагы апасы. Бизде көпчүлүк учурда апасы балдарын карабай кетип калганы жат көрүнүш эсептелип, аялдарды жамандап, каралашат. Бирок, атасы ошентип таштап кетип, көп жыл кабар албай жүрүп кайра келсе, ага маани беришпейт. Бул көз караштарды өзгөртүү керек. Аталар дагы балдарын карашы керек. Ошондуктан, бул маселени чоң көрүп курчтупагыла. Балдарды апасы менен катыштыргыла, ансыз деле эне мээримине муктаж болуп чоңойсо керек, сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк бергиле. Эгер келишүүгө эч болбосо, балдардын жашоо ордун аныктап берүү боюнча сотко кайрылгыла.