Орустардын жаназа кийимин тигип иштейм. Бул динге каршы келеби?
2020.09.18, 13:48
2315
Саламатсызбы! Мен Москвада орустардын жаназага тигилүүчү (сөөктүн үстүнө кийилип жабыла турган) кийимдерин тигип иштейм. Бирок өзүм намаз окуйм. Бул дин тарабына каршы келеби же каршы келбейби? Өзүм мусулман болуп туруп, орустардын жаназа кийимин тиксем кандай болот? Ал динге эч кандай тиешеси жокпу же барбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.09.2020, 13:49
Кадыр Маликов
Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары, теолог
Орустардын жаназа киймин тигип иштесеңиз болот. Анткени исламда, христианчылыкта жана иудаизмде да "кепин" деген түшүнүк бар. Эч кандай күнөө болбойт. Анткени кепинде көмүү бардык пайгамбарлардын сүннөтү (Адам алейхи салам үчүн кепинди периштелер алып келишкен).
0
Пайдалуу жооп