Этек кирим бир эле күн келет. Эмне кылышым керек?
2020.09.14, 16:21
1231
Саламатсызбы! Этек кирим бир эле күн келет. Анан дагы боюма бүтпөй жатат. Эмне кылышым керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.09.2020, 16:21
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Бир күн дегенде, кээ бирөөлөр үч жолу прокладка алмаштырдым, анан эртеси кичине келип токтоду деп айтат. Сөзсүз түрдө гинекологго келип көрүнүшүңөр керек. Биз жатындын өлчөмүн, бала жата турган жерин жана жумурткаларды УЗИден көрүп туруп анан себебин айтабыз. Ага чейин бир күн келгенден улам боюңузда болбой жатат же бул патология деп айтуу эрте.
0
Пайдалуу жооп