Күйөөм мүчөсүн таблетка ичип тургузат. Бул оорубу же простатитпи?
2020.09.12, 15:24
2169
Саламатсызбы! Күйөөм жыныстык катнашка барарда таблетка ичип мүчөсүн тургузат. Бул оорубу же простатитпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.09.2020, 15:26
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог
Саламатсызбы! Бул көйгөйдүн простатитке эч кандай тиешеси жок. Муну мурда импотенция дешчү, азыр эректилдик дисфункция деп коет, ар бир экинчи эркек кабылат. Эректилдик дисфункциянын даражалары бар, күйөөңүздүкү эң биринчи даражасына кириши мүмкүн. Адиске келип көрүнсүн. Кечке эле таблетка колдонуу ден соолукка зыян. Оорунун себебин билип, дарыланып алса өзүнө жакшы.
0
Пайдалуу жооп