// //

Жакында көз жарам, биринчи балам. Толгоонун алгачкы белгилери кандай болот?

2020.09.12, 13:52
3731

Саламатсызбы! 38 жума кош бойлуумун. Бул биринчи наристем. Толгоонун алгачкы белгилери кандай болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.09.2020, 13:54

Гүлзина Мадраимова 

Акушер-гинеколог

Саламатчылык! Аман-эсен көз жарып ал, стартка жакындап калыпсың. 37-42 жумага чейин нормалдуу төрөт, бала убагында төрөлдү деп эсептейбиз. Андыктан, бүгүн эртең төрөй берсең деле туура эле болот. Биринчи белгилери, ич буралып баштайт, кечинде же бир аз кыйналып койсоң башталып кетиши мүмкүн. Дем алуу жеңилдеп калат, себеби баланын башы жамбаш сөөккө ылдыйлаганда кенен дем алып каласың. Төрөт жакындап баштаганда “схватканын” эки түрү болот: жалган жана регулярдуу. Толгоо регулярдуу болуп бир убакта кайталанып баштаса, төрөттүн башталганын билдирет.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт