Жакында көз жарам, биринчи балам. Толгоонун алгачкы белгилери кандай болот?
2020.09.12, 13:52
4318
Саламатсызбы! 38 жума кош бойлуумун. Бул биринчи наристем. Толгоонун алгачкы белгилери кандай болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.09.2020, 13:54
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Саламатчылык! Аман-эсен көз жарып ал, стартка жакындап калыпсың. 37-42 жумага чейин нормалдуу төрөт, бала убагында төрөлдү деп эсептейбиз. Андыктан, бүгүн эртең төрөй берсең деле туура эле болот. Биринчи белгилери, ич буралып баштайт, кечинде же бир аз кыйналып койсоң башталып кетиши мүмкүн. Дем алуу жеңилдеп калат, себеби баланын башы жамбаш сөөккө ылдыйлаганда кенен дем алып каласың. Төрөт жакындап баштаганда “схватканын” эки түрү болот: жалган жана регулярдуу. Толгоо регулярдуу болуп бир убакта кайталанып баштаса, төрөттүн башталганын билдирет.
0
Пайдалуу жооп