Бюджетте окуган студент армияга барып келгенден кийин кайра бюджетте окуйбу?
2020.09.11, 12:04
1157
Мен университетте бюджеттик негизде окуйм. Быйыл 2-курс болдум. Анан күзгү чакырык менен армияга кызмат өтөгөнү кетип жатам. Окуудан бир жылга академиялык отпуск алдым. Бир жылдан кийин келгенде кайра окуумду бюджеттик негизде уланта аламбы же контракт болуп калабы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.09.2020, 12:34
Марина Гречаная
КР Билим берүү министрлигинин PR-консультанты
Саламатсызбы! Албетте, кайра бюджетке отурасыз. Тактап айтканда, бюджеттик негизде окуган студенттер, армияга барып келгенден кийин, бюджеттик эле негизде окууларын улантышат. Окууңузга ийгилик!
0
Пайдалуу жооп