Эгиз балдар канчанчы жумасында төрөлөт? Мага азыр 36 жума болду
Саламатсызбы! Менин боюмда бар, балдарым эгиз экен. Мага азыр 36 жума болду, канчанчы жумасында төрөлөт. Тонуска түшүп жатат.
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Саламатчылык. Бул канчанчы кош бойлуулугуңар? Жалпысынан айтканда, төрөттүн биринчи же экинчисине карабастан, мөөнөтү чоңойгон сайын өзүңдү этияттап карашың керек. Себеби, бир балага караганда эки бала "нагрузка" болуп калат. Эки эсе оор, курсактын дагы өлчөмү чоң дегендей. Тонуска келгендин себеби, балким, кандайдыр бир оор жумуш жасап койдуң. Ошондой эле отуруп-турганда дагы чөгөлөп отуруп калба, басым болушу мүмкүн.
Эгиз болсо деле өз мөөнөтүндө төрөлөт. Айталы нормалдуу болуп төрөлгөндө 40 жумага барып калат. Айрым учурда бир- эки жума эрте төрөлүп калышы мүмкүн, бирок бул деле жакшы.