Күйөөм мага айтпай кредит алганы жатыптыр. Ушундай кылса болобу?
2020.09.10, 14:37
1022
Саламатсызбы! Жолдошум мага айтбай ата-энеси менен сүйлөшүп кредит алганы жатыптыр. Бирок менин паспортум керек болуп калып, анан ошондо гана мага чалды. Паспортумду бербей койдум: мага эч нерсе айтпаганы жана кеңешпегени үчүн. Мыйзам түрүндө аялынан жашырып, өз калоосу менен кредит алса болобу?
Бир үй-бүлө болгондон кийин мага бир ооз айтыш керек болчу деп эсептейм.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.09.2020, 14:40
"Айыл Банк" АККнын кредит берүү бөлүмү
Саламатсызбы! Банк кардарга кредит берер алдында, эгер жубайы бар болсо, анда жубайынын жазуу түрүндө макулдугун талап кылат. Башкача айтканда, жолдошуңуз сизден жашырып кредит алуусу мүмкүн эмес. Себеби, бул мыйзамсыз, банк мындай жол менен кредит бербейт.
0
Пайдалуу жооп