Көп жолу дело ачтырсам да алиментимди көбөйтүп бере алышкан жок. Эмне кылам?
Саламатсызбы. Кызымдын атасы базарда соода кылат. Такталган маалыматтарга ылайык жакшы киреше табат. Беш жылдан бери 4-5 жолу гана алимент төлөгөн. Адвокат жалдап 1500 сом чыгартып алган.
Мен канча жолу дело ачтырсам деле көбөйтүп бере алышпады.
Кантип, кандай жолдор менен алиментти көбөйтүп жана төлөтсө болот? Жооп алып бериңизчи? Алдын ала рахмат!
Кутман Медетбеков
“Академик” юридикалык компаниясынын башкы юристи
Саламатчылык. Кызыңыздын атасы расмий түрдө мамлекеттик же жеке ишкана, мекеме-уюмдарда иштебегендигине байланыштуу ай сайын туруктуу таба турган кирешесин аныктоо мүмкүн эмес болуп турат.
Алиментти көбөйтүү үчүн башкысы арыз менен сотко кайрылуунун санында эмес. Арызга сиздин материалдык жана үй-бүлөлүк абалыңызды туура чагылдыруу жана соттук жараяндын жүрүшүндө сотко түшүндүрүү, далилдерди негиздөө, аргументтерди туура келтирүү, мына ушунда.
Алименттин өлчөмүн кобөйтүү сот аркылуу гана жүргүзүлөт. Андыктан үй-бүлөлүк талаш маселелер менен алектенген, тажрыйбалуу юрист же адвокаттарга кайрылууну кеңеш кылам.
Ишиңизге ийгилик!
Юрист Кутман Медетбеков менен инстаграмдагы @academic.kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.