Мурасты бөлүштүргөнгө чейин күйөөм каза болуп калды. Эми эмне кылам?
2020.09.08, 12:49
1584
Саламатсызбы! ЗАГС кыркылган, мүлктү бөлүштүргөнгө чейин күйөөм каза болуп калды. Мен мураскер боло аламбы? Күйөөмдүн биринчи никесинен беш, менден бир баласы бар.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.09.2020, 12:50
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Ортоңордо нике күбөлүгү бар болсо жана нике күбөлүгү бар кезде жалпы мүлк алынган болсо, ЗАГСты кырктыргандан кийин деле, үч жылдын ичинде мүлктү бөлүштүрүү боюнча сотко доо арыз менен кайрылууга укугуңуз бар. Эгер балаңыздын туулагандыгы тууралуу күбөлүгүнүн атасы деген графасында күйөөңүздүн аты-жөнү жазылган болсо, балаңыз мураскор боло алат. Сиз мураскор бала албайсыз, анткени ЗАГС кыркылган, учарда аялы эмессиз.
0
Пайдалуу жооп