Үч айлык боюмда бар, бир бөйрөгүм шишип кетти. Эмне кылсам болот?
2020.09.07, 16:06
1149
Саламатсызбы! Менин үч айлык боюмда бар. Бир бөйрөгүм шишип турат, бирөөсү чоң, экинсиси жакшы эле дегендей. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.09.2020, 16:08
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог
Саламатсызбы! Кош бойлуу аялдын бөйрөгү шишип кетиши мүмкүн. Өзгөчө сийдик жакшы чыкпай, оң тарабы шишип баштайт. Анткени боюнда болгондо жатын чоңоюп, табарсыкты кыса баштайт. Кысканда сийдик жакшы чыкпай, артка тебе баштайт, анан бөйрөк чоңоет. Бул нерсени уролог менен гинеколог изилдеп бир чечимге келсе болот. Көйгөй кээде дары-дармек менен чечилсе, айрым учурларда сийдик чыгышы үчүн бөйрөккө трубка коюлат. Дарыгерге кайрылыңыз.
0
Пайдалуу жооп