Жашап жаткан үйүмдүн мыйзамдуу ээси экенимди кантип билсем болот?
Саламатсызбы! Азыр жашап жаткан үйүмдү 7-8 жыл мурда сатып алгам. Кызыл китеби менин атымда, бирок токтом жок болуп жатат. Мен мыйзамдуу ээси боло аламбы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Кызыл китепте сиздин аты-жөнүңүз, качан алганыңыз көрсөтүлгөн болсо, демек, үйдүн ээси сиз. Токтомдор баштапкы адамга чыккан болсо деле, ал адам сатып-сатып келип отуруп, акыры үй сизге туш болду. Токтом кайрадан сиздин атыңызга чыгарылбайт, ошол бойдон эле кала берет. Болгону сатып алуу жана сатуу келишими бар, кызыл китептин ичин карасаңыз, ошол сизге катталып, мыйзамдуу түрдө үйдүн ээси экениңизди көрсөтүп турат.
Баары бир тынчсызданып жатсаңыз, мүлкүңүз катталган жана өзүңүз жашаган аймактагы мамлекеттик каттоо кызматына барып, аты-жөнүңүз менен үйдүн дарегин айтып, мүлк сиздин атыңыздабы же жокпу билип алсаңыз болот. Алар үй кимдин атында экени тууралуу көчүрмө чыгарып берет.