Этек кирим келгенде трубаларым ооруйт. Бул нормалдуу элеби?
Саламатсызбы! Этек кирим келгенде трубаларым ооруйт. Дарылангам, бирок кайра эле кармап жатат. Дагы анализ тапшырышым керекпи же ооруганы нормалдуу элеби?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Саламатсызбы! Этек кир келгенде оорубаш керек. Ооба, кандайдыр бир сезим болот, ыңгайсыздык дегендей. Бирок, ооруп жатып калуу бул патология болуп эсептелет. Үч-төрт ай дарылангандан кийин жакшы болуп, кайра ооруп баштаса, демек, толук дарыланган жоксуңар. Толук болушу үчүн бир жылдап дарыланууга туура келет. Бизде болсо кандай, бир-эки ай дарыланып, жакшы болдум деп таштап коет. Дарыгер менен кеңешип, кандайдыр бир витамин ичип туруш керек, гимнастика, керек болсо бийге баргыла, булардын баары жумурткалардын спайка болуп кетүүсүн алдын алат. Көбүнчө кандайдыр бир спайка бар болгон үчүн ооруйт.