Күйөөм колуңдан эмне келет деп, алимент төлөбөй жатат. Каматып койсом болобу?
Саламатсызбы! Алименты тууралуу суроом бар эле. Күйөөм менен ажырашып кеткенбиз. Алиментке 100 000 сом карызы бар. Азыркы учурда "колудан эмне келет",- деп жүрөт. Каматып коеюн дедим эле, бул үчүн эмне кылсам болот? Сот аткаруучудан пайда жок болуп жатат.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренесинде алимент төлөбөгөндөрдү жоопко тартуу боюнча көрсөтүлгөн. Ушул беренеге таянып күйөөңүздү жоопко тартуу боюнча сот аткаруучулардан ишти милицияга өткөрүп берүүсүн айтыңыз. Сот аткаруучулар ал адамга карата өзүндө бар материалдарды милицияга өткөрүп берет. Милиция ишти тергеп аны кайра сотко өткөрөт. Анан сот ал адамга карата жаза колдонот. Бул жерде камак жазасы эмес, штраф салуу көздөлгөн. Эгер штарфты, алиментти төлөбөй жүрө берсе, соттун ишин аткарбагандыгы боюнча үстүнөн кылмыш иши козголот.