Эстеликтин жанында видеокамерага той тартуу үчүн кызмат акы төлөш керекпи?
Саламатсызбы! Мен видеокамерам менен тойлорду тартып иштейм. Кечээ Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр эстелигинде күйөө бала жана башкаларды сүрөткө тартып жүрсөм, бир киши келип "кызматына 200 сом төлө" деди. Бул мыйзамдуубу десем, "ооба" дейт. Чындыгында ушул мыйзамдуубу?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Эгер мыйзамдуу боло турган болсо, ал киши сизден акча алгандыгы боюнча квитанция бериши керек. Биз билгендей, ал жер коомдук жай, эч бир адамдын менчиги эмес. Эстелик турган жер жергиликтүү өз алдынча органдар тарабынан элдердин сейилдеши үчүн ачылган. Ал жайга каалаган адам барып сүрөткө түшүүгө толук укуктуу. Ошондуктан, ал киши сизге дүмүрчөк бербесе, элге ушундай кызмат көрсөткөнү катталган эмес болсо, андан анын иш-аракети мыйзамсыз. Андыктан, акча бербеңиз, берген учурда дагы квитанцияны талап кылыңыз.