Бизден мал сатып алган акчасын бербей качып жүрөт
2020.09.03, 15:36
959
Саламатсызбы! Бирөөгө мал сатканбыз. Акчасын бир жумада деген, бирок кечиктирип жатат. Телефондорун өчүрүп коюптур. Биз сотко кайрылсак болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.09.2020, 15:37
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Албетте, карызды өндүрүп алуу боюнча сотко кайрылсаңыз болот. Бул үчүн ал адам жашаган аймактагы сотко доо арыз бериңиз. Эгер ортодо тил кат жок болсо, көз боемочулук фактысы боюнча милицияга кайрылсаңыз дагы болот. Көз боемочулук – бул бирөөнүн ишенимине кирип, ал адамдын мүлкүн өздөштүрүп алуу. Бул факты жүйөлөп, кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тартып бер деп милицияга кайрылсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп