// //

Жыныстык катнаштан кийин жыныстык эрин шишип чыгат. Эмнеге?

2020.09.02, 11:02
2638

Жашым 20да. Күйөөм менен кошулуп бүткөндөн кийин жыныс эринчелери шишип чыгат. Эмне себептен болушу мүмкүн?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.09.2020, 11:02

Айпери  Соурбекова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы! Көпчүлүк учурда көпкө (узакка) созулган жыныстык катнаштан болот. Же колдонгон презервативге аллергия болгондо шишип кетиши ыктымал.

Мындан сырткары кошулуп жаткан учурда аялдан бөлүнүп чыккан суюктуктун (смазка) жетишсиздиги да себепкер болушу мүмкүн. Бул учурда дарыканадан атайын лубрикант алып колдонуу керек.

Ошондой эле кошулуу учурунда майда жаракат алсаңыз, кан уюп, шишип калышы мүмкүн.

Эгер шишигени көпкө кетпей, ыңгайсыздык жаратса сөзсүз дарыгерге кайрылыңыз. Инфекция, сезгенүү болуп жүрбөсүн.

Ден соолук каалайм! 

Гинеколог-эндокринолог Айпери Соурбекованы инстаграмдагы @doctor_sourbekova_gynekologist баракчасынан тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт