Кандай учурларда бөйрөк ылдый түшүп кетет? Аны кантип ордуна алып келет?
2020.08.28, 12:38
2013
Саламатсызбы! Кандай учурларда бөйрөк ылдый түшүп кетет? Бөйрөктүн ылдый түшүп калуу коркунучун кантип алдын алса болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.08.2020, 12:39
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог
Демейде, ашыкча салмактуулук менен жабыркаган, оор жумуштарды көп кылган, аял кишилерден болсо бат-бат төрөгөн ж.б ушул сыяктуу адамдардын бөйрөгү ылдый түшүп кетиши мүмкүн. Бөйрөктү ордуна келтирүү үчүн курсактагы пресстерди (булчуңдарды) чыңдаш керек. Андан тышкары, бандаш тагынып, сөзсүз УЗИ менен рентген апараттарынан өтүү зарыл. Дарыгерге кайрылып, дарылоо курсунан өтсө, калыбына келип калат.
0
Пайдалуу жооп