Чоң атам мурасынан мураскорлорун ажырата алабы?
Саламатсызбы! Чоң атам жаш кезинде үйүн башка кишиге мурас кылып жазып берген экен. Азыр чоң атабыз 80ге келип калды. Мураскер кылган кишилери эч жардам бербейт. Башкалар каралашат. Чоң атабыз мураскерлерди өзгөртө алабы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 1134-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде "Керээз калтыруучу жаңы керээз калтыруу менен өзү калтырган керээзди бүтүндөйүнөн жокко чыгарууга, же болбосо анда камтылган айрым тескмелелерди өзгөртүүгө же толуктоого укуктуу" деп көрстүлгөн.
Демек, чоң атаныз кимдир бирөөгө берген мурасын (завещания) жокко чыгарып өзү каалаган башка адамга калтыра алат. Чоң атаныз мурасты каттоого (жаздырган) алган нотариалдык кеңсеге барып, мурда берген мурасын жокко чыгаруу каалоосу бар экенин айтышы керек.