Кошуна эженин баласы апасы саткан жерди талашып жатат
Саламатсызбы! Менин атам 10 жыл мурун токтом жаздырбай эле кошуна эжеден 15 сотук жер сатып алган. Эми ал эже каза болуп калды. Бирок, баласы жер талашып жатат? Эмне кылсак болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Силер кезекте сатып алынган жер кимдин атында экенин тактонооңор керек. Бул үчүн мамлекеттик каттоо кызматына кайрылып, жер кимдин атында катталгандыгы жөнүндө тактама (выписка) алгыла. Анткени, жер талашып жаткан тараптын атына катталган эмес болушу мүмкүн. Ошондой эле, системалык каттоо жүргөндө силердин атыңарга катталып калган болушу мүмкүн. Демек, биринчи кезекте бул жагдайды тактагыла. Анан маселени кандай жол менен чечүү керек экендиги белгилүү болот.