// //

11 жыл мурунку мурасты кантип өткөрүп алсак болот? Юристтен кеңеш

2020.08.25, 13:01
1090

Атам 11 жыл мурда каза болгон. Атамдын атындагы үйдү байкеме каттатуу үчүн өзү келиши керекпи? Ал Россияда жашап, иштейт.  Убагында каттатып албаган үчүн канча айып төлөнөт?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.08.2020, 13:02

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Байкеңиз өзүнө мурасты каттатуу үчүн Россиядан ишеним кат жазып жибериши керек. Мурасты кабыл алуу, мураска байланыштуу үй мүлктү каттатуу боюнча иштерди алып баруу боюнча РФнын нотариалдык кеңселеринен, ишти алып бара турган адамдын атына ишеним кат жазып жөнөтсүн.

Ишеним кат кимдин атына жазылса, ошол байкеңиздин ордуна сот иштерине катышып, ишти алып барат.

Мурасты өз учурунда кабыл албаганы үчүн айып төлөбөйт, болгону мурасты кабыл алуу сот аркылуу жүрүп калат. Анткени алты айдын ичинде мурасты кабылуу алуу боюнча ишти ачтыруу керек болчу. Мөөнөтү өтүп кеткенден кийин соттон кошумча убакыт сурайт. Ал эми сотко кайрылуу үчүн 1000 сомдун тегерегинде мамилекеттик алым төлөйт.

Ийгилик!  

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт