// //

Документи жок үй сатып алгам. Ээсинен өзүмө кантип өткөрүп алам?

2020.08.25, 12:57
1390

Саламатсызбы! Эки жыл мурун айылдан үй сатып алгам. Эч кандай документи жок болчу. Үйдүн ээси үйүн сатканы, акчасын толук алганы жана эч кандай доосу жок экени тууралуу тил кат жазып берген. Азыр болсо үстүнө акча кошуп бер, мен арзан сатыптырмын деп жатат. Маселени кантип чечсем болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.08.2020, 12:57

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Саламатсызбы!

Сатып алуунун фактысын аныктоо максатында сотко доо арыз менен кайрылышыңыз керек. Үйдү саткан адамды жоопкер катыр көрсөтүп, үйдү өткөрүп бербей жатканын жызып, сатып алуу фактысын аныктап берүүсүн суранып доо арыз жазасыз. Арызга үйдү сатып алган убакытты белгилеп, тил катты, күбөлөрдү камтыңыз.

Жоопкер сотко чакырылып, эмне үчүн өткөрүп бербей жатканын тактап, чечимди сот чыгарып берет.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт