Кайын энем көзү ачык. Элдер алып келип берген чай, туздарды колдонсок болобу?
2020.08.25, 12:48
2364
Саламатсызбы? Кайын энем айылда көзү ачык, малы жоголгондорго төлгө салат. Анан элден алган акчасын, чай, тузду үйгө алып келет. Мен мындай нерселерди жаман көрөм. Эмне кылсам болот? Алып келген азыктарын колдонсок күнөө болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.08.2020, 13:01
Кадыр Маликов
Теолог
Ал төлгө салса жана көзү ачык болсо, анда сыйкырчылык менен алектенип жаткан болуп эсептелинет. Бул жерде жиндер менен байланыш болгондуктан, шариятыбыз буга тыюу салат. Анан албетте, ал күнөө кылып тапкан азыктарын жегенге болбойт, анткени алар арам. Тактап айтканда, төлгө салуу, алдын ала айтуу, мунун баары сыйкырчылыкка, көзү ачыктыкка кирет. Мындай жол менен табылган нерселерди колдонууга уруксат берилбейт.
0
Пайдалуу жооп