Баламы отургузганы алып барсам, дарыгерлер бир жумурткасы жок экен дешти
2020.08.24, 12:49
1259
Салматсызбы!Бүгүн баламы отургузганы алып бардым эле. Дарыгерлер "бир жумурткасы жок экен, урологго көрсөткүлө" дешти. Эмне кылсак болот? Коркунучу жокпу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.08.2020, 12:51
Азат Бейшенов
“Кортекс” клиникасынын адиси, уролог
Саламатсызбы! Дарыгерлер туура айтат, тезинен урологго көрсөтүңүз. Бул ар кандай оору болушу мүмкүн, болжолдуу көп түрү бар. Көрбөй туруп, бул түрү деп эч ким так диагноз кое албайт. Уролог текшерип коркунучу барбы же жокпу айтат, дарылоо курсун жазып берет.
0
Пайдалуу жооп