Дистанциондук окууга байланыштуу студенттердин контрагы азаябы?
2020.08.20, 15:23
1266
Саламатсызбы! Быйылкы окуу жылында студенттер контракты толук төлөшү керекпи? Же дистанциондук окууга байланыштуу контракттын баасы азаябы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.08.2020, 15:29
Марина Гречаная
КР Билим берүү министрлигинин PR-консультанты
Саламатсызбы! Акыга байланыштуу чечимди ЖОЖдор өздөрү чыгарышат. Контракт төлөп билим берүү жөнүндө келишим студент менен университеттин ортосунда түзүлөт. Окуу акысы ар кандай факторлорду камтыйт: мугалимдердин эмгек акысы, окуу процессин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, электрондук ресурстарды тейлөө ж.б. Билим берүү наркын университеттер өздөрү аныктайт. Тактап айтканда, контракттын суммасы азайтылабы же жокпу университет өзү чечет.
0
Пайдалуу жооп