Эмне себептен бир-эки саатта ичтеги бала чарчап калат?
Саламатсызбы! Кош бойлуулуктун 41-жумасында роддомго барганда баламдын жүрөгү согуп жаткан. Эртесе эле сокпой калды. Өзүм төрөдүм, бирок балам чарчап калыптыр. Эмне себептен бир-эки сааттын ичинде эле бала чарчап калат?
Айпери Соурбекова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Эмнеден улам ичтен өлүп калганын, кошумча анализдерди тапшырып, текшерүүдөн өткөндөн кийин так биле аласыз.
Мунун себептери көп. Мисалы, инфекциялык оорулар (хламидия, гонорея, трихомониаз, туберкулез, гепатит, краснуха, токсоплазма ж.б), жатындын сезгенүүсү, тон менен жатындын ортосундагы кан айлануунун жетишсиздиги, кан группаларынын жана резус фактордун туура келбөөсү, суусунун аз жана көп болуусу, киндиктин моюнга оролуп калуусу, киндикте туймөнүн пайда болушу, кант диабети, ашыкча салмактуулук, преэклампсия, энеде жүрөк жана бөйрөктүн оорулары, ж.б. Ошондуктан дарыгердин көзөмөлүнөн сөзсүз өтүү керек.
Ден соолук каалайм!