Жыныс мүчөмө папиллома чыгып алды. Үй шартында кантип дарыласам болот?
2020.08.18, 19:04
1650
Саламатсызбы! Жыныс мүчөмө папиломма чыгып алды. Үй шартында кантип дарыласа болот? Толугу менен жок кылса болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.08.2020, 19:08
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог
Папиломманын көп түрлөрү бар. Залалдуу жана залалсыз болушу мүмкүн дегендей. Билбей тийип койсоң же операция кылып алып салсаң жаман ооруга, айталы, ракка өтүп кетишет. Ошол себептен, алгач кан тапшырып, түрүн аныктоо зарыл. Бул үчүн дарыгерге көрүнүү керек. Өз алдынча дарылоого болбойт. Бейтапканага келиңиз.
0
Пайдалуу жооп