// //

Кантип алиментти мыйзамдуу жол менен төлөсө болот?

2020.08.18, 18:31
989

Саламатсызбы! Алиментти кантип мыйзамдуу жол менен төлөсө болот?  Кийин бир көйгөй пайда болуп калбаш үчүн билип алайын дедим эле. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.08.2020, 18:36

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексинин 85-беренесинде жашы жетпеген балдарды багуу боюнча ата-эненин милдеттери көрсөтүлгөн. Анда: "Жашы жетпеген балдарды багуунун тартиби менен түрү ата-эне тарабынан өз алдынча аныкталат. Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багуу тууралуу ушул кодекстин 17-главасына ылайык макулдашуу (алимент төлөө тууралуу макулдашуу) түзүүгө укуктуу" деп жазылган. Демек, силер биринчи кезекте алимент төлөп туруу боюнча жазуу түрүндө макулдашууга келүүңөр керек болот. Андан кийин алименттин суммасын банк аркылуу анын эсебине которуп  же алименттин суммасын алгандыгы боюнча тил кат жаздырып алып төлөп турсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт