// //

Боюмда болот, бирок ай күнүнө жетпей төрөлүп же ичтен чарчап калат. Эмнеге?

2020.08.17, 17:30
1638

Саламатсызбы! Жооп берип коюңузчу. Канадыгы цитомегаловирус инфекциясы (ЦМВ) вирусун кантип жок кылууга болот? Боюмда болот, бирок ай күнүнө жетпей төрөлүп же ичтен чарчап калат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.08.2020, 17:31

Айпери  Соурбекова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Кан аркылуу текшергенде цитомегаловирус инфекциясы (ЦВМ) ар дайым “бар” деп чыга берет, жок болбойт. Бул вирус 90% адамдарда бар.

Эмнеден улам эрте төрөлүп же ичтен өлүп калып жатканын, кошумча анализдерди тапшырып, текшерүүдөн өтүп көрүүнү сунуштайм.

Айына жетпей төрөлүп калуунун себептери: 

  • баланын тонунда, жатында сезгенүү болсо,
  • жыныстык жол менен жуккан инфекциялардын болуусу,
  • энедеги өнөкөт оорулар (кан басымдын жогорулашы, кант диабети, бөйрөк оорулары),
  • ашыкча салмактуулук,
  • стресс,
  • жатын моюнчасынын бош болуусу, ж.б

Кийинки кош бойлуулукту пландоонун алдында дарыгер менен кеңешип, анын көзөмөлүндө болуңуз.

Ден соолук каалайм! 

Гинеколог-эндокринолог Айпери Соурбекованы инстаграмдагы @doctor_sourbekova_gynekologist баракчасынан тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт