Чычаң сөөгүм сынып, кыйшак бүтүп калган. Боюмда болсо таасирин береби?
Менин сурайын дегеним жаш кезимде кокустук болуп чычаң (копчик) сөөгүм сынып кыйшык абалда бүтүп калган. Көпчүлүк боюңда болгондо кыйналасың, деп жатат. Чын эле таасирин береби?
Айпери Соурбекова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Ооба, таасири тийиши мүмкүн. Бирок, канчалык деңгээлде таасир берээрин, чычаңдын кандай абалда экенин көрүп айтса болот.
Мүмкүн болсо травматологдон кеңеш алыңыз. Болбосо кош бойлуу болгондо кошумча кылып травматологдон да кеңеш алышыңыз керек болот.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Айпери Соурбекованы инстаграмдагы @doctor_sourbekova_gynekologist баракчасынан тапсаңыз болот.
Менин да копчигим кыз кеимде сынган, кыйшык буткон. Кээде коп отурсам, мисалы жол жургондо катуу ооруп калчу. Кийинчиреек компьютердик томографияга тушсом кыйшык буткон, операция жолу менен туздош керек, болбосо торогонго болбойт дешту врачтар, анткени бала чыгышына тоскоол болот экен. Операция кылбайм десен анда кесарево сечения менен торой аласын дешту. Копчигиме тийбестен кесарево менен тородум, баары жакшы. Менин сунушум МРТ кылып тровматолог врачтан кенеш алыныз.