Апама айтпай иттин этин берип койгом. Мен чоң күнөө кылдымбы?
Саламатсызбы! Апам ооруп жатканын, билгизбей иттин этин берип койгом. Жакында эле иттин эти арам экенин билдим. Эми эмне кылсам болот? Мен чоң күнөө кылдымбы?
Кадыр Маликов
Теолог
Албетте, иттин эти арам болуп эсептелет. Бирок, сейрек кездешүүчү ар кандай учурлар болуп калат. Мисалы, адам катуу ооруп, башка альтернативдүү дарылар табылбай калса, иттин эти же майы медицинада колдонулат.
Иттин этин алмаштыра турган бир нерсе болсо, анда жакшы. Болбосо дарылануу үчүн эң акыркы мүмкүнчүлүк катары иттин эти эмес майын сыртка, айталы денени сүртүүгө мазь катары колдонсо болот. Иттин этин жегенге такыр болбойт, бул арам.
Сиз билбей берип алдыңыз, ошон үчүн сизден жоопкерчилик алынбайт. Мындан ары этин бербеңиз, бүгүнкү күндө дарылануу үчүн башка маздар, дарылар көп, аракет кылып альтернатива тапса болот.