Москвадан төрөлгөн балама Кыргызстандан жөлөкпул алаламбы?
Саламатсызбы! Менин эки балама жөлөкпул алайын десем, Москвадан төрөлгөн бир уулума "бул жактан жөлөкпул алалбайсың" дешти. Өзүбүз Бишкекте турабыз, каттообуз Баткенде. Жолдошум күнүмдүк жумуштарда иштейт, мен балдар менен үйдө. Кайын агамдын үйүндө убактылуу жашайбыз.
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн кызматкери
Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу Кыргызстанда туруктуу жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына берилет. Эгер сиз жөлөкпул алууга муктажмын деп эсептесеңиз, анда балаңыздын Россиядан төрөлгөнүнө карабастан жашаган жериңиз боюнча социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылсаңыз болот. Алар сиздин калган кирешеңиз жөнүндө маалымат алып, анын негизинде жөлөкпул чектелеби же жокпу аныктап беришет.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.