Иним экөөбүз 4 сотук жерди бөлүп алсак болобу?
2020.08.14, 12:31
1048
Саламатсызбы! Мен юристен кеңеш сурайын дедим эле. Биз иним экөөбүз 4 сотук жер тилкесин экиге бөлүп, өз-өзүнчө документ кылалабызбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.08.2020, 12:44
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Албетте, иниңиз экөөңөр бөлүп алсаңар болот. Бул үчүн жерди алгандан кийин, документтерин көтөрүп алып мамлекеттик каттоо кызматына кайрылгыла. Ал жердин адистери, баарын түшүндүрүп, эмне кылуу керек экенин айтып берет.
0
Пайдалуу жооп