Намаз окуп жатканда кызым ыйлап калса эмне кылсам болот?
2020.08.13, 16:39
3574
Кудай буюруса бүгүнтөн баштап намаз окуп баштадым. Эртең менен багымдат намазын окуп жатсам, 8 айлык кызым ыйлап намазым бузулуп калды. Биринчи жолу окугангабы 3 ирээт окудум. Намазым кабыл болобу? Балам ыйлап жатканда эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.08.2020, 16:39
Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Саламатсызбы! Намазды бузсаңыз, бузулат да.
Жолдошуңуз же башка жакындарыңыз сиз намаз окуп жаткан учурда кызыңызды карап турсун. Ошондо бала тоскоол болбой, намазды токтотпой окуйсуз. Акырындык менен үйрөнүп каласыз, намазыңыз кабыл болот.
Ийгилик каалайм!
0
Пайдалуу жооп