Сарымсак, пияз жеп алып намаз окуса болобу?
2020.08.10, 11:33
1864
Саламатсызбы! Ден соолукка байланыштуу сарымсак же пияз жеп алып намаз окуса болобу? Сөзсүз даарат алуу керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.08.2020, 12:00
Кадыр Маликов
Теолог
Саламатсызбы! Пияз же сарымсак жегенден кийин намаз окуса болот. Бир гана нерсе, сарымсак же пияз жеп алып, эл көп болгон мечитке барып намаз окуу сунушталбайт. Жыттын айынан жанында турган адамдарга кыйын болушу мүмкүн, ошон үчүн уят болуп саналат. Ал эми үйдөн окуй берсе болот, эч кандай көйгөй жок.
0
Пайдалуу жооп