9-класстын күбөлүгүн жоготуп алдым. Көчүрмөсү менен окууга тапшырсам болобу?
Саламатсызбы! 9-класстын күбөлүгүн жоготуп алдым. Анын көчүрмөсү менен университетке тапшырса болобу?
Марина Гречаная
КР Билим берүү министрлигинин PR-консультанты
Саламатсызбы! Университетке тапшыруу үчүн 11-класстын аттестаты керек. 9-класстан кийин колледжге тапшыра аласыз. Пандемияга байланыштуу окууга документтерди кабыл алуу онлайн түрүндө жүрүп жатканыны карабастан, күбөлүктүн түп нусканын алып коюңуз. Сентябрда окуу башталганда, баары бир билим берүү мекемеси сизден түп нускасын алып келүүнү талап кылат. Калыбына келтирилген документ көчүрмөгө дал келбесе, көптөгөн суроолор пайда болот.
Күбөлүктү калыбына келтирүү кыйын эмес. Билим берүү жана илим министрлигине же райондук билим берүү борборуна кайрылыңыз. Эгерде аттестат жоголуп кетсе же кандайдыр бир башка себептер менен анын көчүрмөсү талап кылынса, анда анын дубликаты 41 сом жана дубликаттын сырты 20 сом болот.