Жалгыз бой энемин. Эки кызыма кантип депозит ачтырсам болот?
Саламатсызбы! Жалгыз бой энемин, эки кызым бар. Экөөнө депозит ачтырсам болобу? Канча жылга жана канча жашка чейин болот? Өзүбүздүн үйүбүз жок, батирде турабыз. Кыздарымдын келечегине аз да болсо жардам болобу дейм.
Салтанат Барктабасова
"Айыл Банк" АККнын кардарларды тейлөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары
Саламатсызбы! Албетте, кыздарыңызга депозит ачтырсаңыз болот. “Айыл Банкта” бир канча депозит түрлөрү бар. Мисалы, балдарга арналган “Наристе” депозити, же башкаларын карап көрсөңүз болот. "Айыл Банктын" каалаган кеңсесине келип кайрылсаңыз, пайыздык чени чоңурагын жана толтуруп турган депозит тандап, заматта ачып беребиз. Жаныңызга паспорт менен кыздарыңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алып алыңыз. Минималдуу сумма 1000 сом саласыз.